Президент Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

Автор

Президент Садыр Жапаров 18-20-майда Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы сапардын алкагында «Кытай-Борбор Азия» саммитинин ишине катышат.

«Алдыдагы сапардын алкагында КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөлөрү менен жолугушуулары пландалууда”, — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК комитети Акыйкатчы кызматына эки талапкерди колдоду

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети акыйкатчы кызматына талапкерлерди карап, экөөнү тең колдоду. Эми талапкерлерди эртең, 17-майда парламенттин жалпы жыйынында каралат. Акыйкатчы кызматына Жогорку Кеңештин фракцияларынан эки талапкер сунушталган. Алар «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы талапкер катары башкы прокурордун мурдагы орун басары Жамиля Жаманбаеваны, […]

Сизге жагышы мүмкүн