Цифралар жана фактылар: Тынчтык жана өнүгүү үчүн спорт

Автор

БУУнун Башкы Ассамблеясы 6-апрелди Тынчтык жана өнүгүү үчүн эл аралык спорт күнү деп жарыялаган.
КР Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда өлкөнүн дене тарбиясынын өнүгүүсүнүн башталышы тээ 1925-жылдарга барып такалат, мында Кара-Кыргыз автономиялык облусунда Дене тарбия жана спорт кеңеши иштеп баштаган.
Ал эми 1927-жылдын июнь айында жеңил атлетика, ок атуу, футбол жана баскетбол боюнча спорттук мелдештерди өткөрүү менен алгачкы дене тарбия жана спорт майрамы өткөрүлгөн.
1936-жылдын июль айында Кыргыз ССРинде Дене тарбия иштери боюнча республикалык комитет, ал эми 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитети түзүлгөн.
Азыркы учурда республикада, отчет берген чарба жүргүзүүчү субъекттердин маалыматы боюнча, 8 миңге жакын спорт аянтчалары жана талаалары, 22 стадион, 21 сууда сүзүү бассейни, 1,5 миңге жакын спорт зал, 6 лыжа базасы, 64 дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси, 54 ок атуучу жай жана 200дөн ашык башка спорт объекттери иш жүргүзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Тажикстандыктар үчүн визалык режим 20-апрелде күчүнө кирет

20-апрелден тарта Тажикстандын Түркияга барууну каалаган жарандары үчүн виза режими киргизилди. Түркия Тажикстан менен визасыз режимди 6-апрелде алып салганын жарыялады. Анкара анын себебин тактаган жок. Спутник-Тажикстан булагы билдиргендей, Крокус Сити Холлдогу окуянын күнөөкөрлөрүнүн бири Түркияда теракт жасоого машыккан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн