Харуки Муракаминин  жаңы романы чыгат

Автор

Жапон жазуучусу Харуки Мураками акыркы алты жылдан кийин  жаңы романын жарыкка чыгарат. Ал автордун өз өлкөсүндө 13-апрелден тарта сатыкка чыгат.  Басмакананын маалыматына караганда китеп  «Шаар жана анын ишенимсиз дубалдары» деп аталат.

Окуянын чоо-жайы азырынча ачыктала элек. Белгилүү болгондой, романдын көлөмү 1200 бетти түзөт. Китеп бир эле учурда басма жана электрондук түрдө сатыкка чыгат. Ал Орусияда чыгабы же жокпу азырынча белгисиз.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ Брянск окуясы боюнча комментарий берген жок

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Брянск аймагындагы окуя тууралуу кабарларга комментарий берген жок жана уюм жаңжалдын мындан ары күчөшүн каалабай турганын белгиледи. Брифингде Дюжаррик БУУнун орус жана украин тараптарынын билдирүүлөрүнүн аныктыгын текшерүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты. Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз бейшемби күнү эртең менен Диверсиялык  […]

Сизге жагышы мүмкүн