Футбол тарыхындагы эң кымбат трансфер:  Килиан Мбаппе  “Реалга” өттү

Автор

“Реал Мадрид” клубу франциялык чабуулчу  Килиан Мбаппени сатып алды. Бул тууралуу атактуу спорт журналисти  Хесус Карлос Мартинес Twitter баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, келишим жабык болгону айтылууда.  “Реал Мадрид”  клубу 224 миллион евро жана кошумча 56 миллион евро төлөйт. Бул трансфер футбол тарыхындагы эң кымбат трансфер болууда.

Буга чейин 6 же 7-июлда Мбаппе кыялын ишке ашырып, “Реалдын” оюнчусу болору айтылган.

Эске салсак, Килиан Мбаппе 2017-жылы жайында ПСЖнын оюнчусу болгон. Өткөн сезондо чабуулчу 43 оюнда 41 гол киргизип, 10 пас берген. Буга чейин Мбаппенин “Реалга” өтүшү тууралуу маалымат каражаттары бир нече жолу жазып чыгышкан. Ага эң жакыны 2022-жылы, ал бекер трансферге бара турган кези болгон. Бирок француз оюнчусу ПСЖ менен келишимди узартууну чечкен.

Бөлүшүү:
Next Post

 Болотбек Шамшиевдин эстелиги “Ала-Арча” көрүстөнүндө ачылды

“Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, кинематогроф Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.   “Болот Шамшиев “Кыргыз кереметинин” режиссёрлорунун бири катары дүйнөлүк кинематографиянын тарыхына кирген залкар инсан. […]

Сизге жагышы мүмкүн