Лионель Месси “Алтын топ -2023” сыйлыгын алышы мүмкүн

Автор

30-октябрда  Франциянын France Football жумалыгы дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна кезектеги “Алтын топ – 2023” сыйлыгын тапшырат.  Бул тууралуу дүйнөлүк спорт басылмалары  дүйнө чемпиону Лионель Месси  татыктуу экендигин байма-бай жазышууда.

“Алтын топ”  сыйлыгын тапшыруу аземи 30-октябрда Парижде өтөт жана атак-даңктын бийиктигин да, салыштырмалуу унутулууну да, биригүү жана статусун калыбына келтирүүнү башынан өткөргөн сыйлык 67-жолу ыйгарылат.

Аргентина курама командасынын лидери Лионель Месси сегизинчи жолу “Алтын топту” жеңип алышы мүмкүн, деп маалымдайт испаниялык Diario Sport басылмасы. Добуш берүү учурунда Аргентина курама командасынын 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугундагы жеңиши эске алынат, анткени былтыр сыйлык дүйнө чемпионаты башталганга чейин берилген.

Мыкты футболчу наамына 30 талапкер көрсөтүлгөн.

2022-жылы франциялык чабуулчу Карим Бензема карьерасында биринчи жолу “Алтын топту” жеңип алган. Сыйлыктардын саны боюнча рекорд (жети) аргентиналык Лионель Мессиге таандык.

Эске салсак, “Алтын топту” France Football 1956-жылы Европанын жылдын эң мыкты футболчусуна (спорттук журналисттер тобунун пикирине таянып) сыйлык катары негиздеген.2010-жылы ФИФА менен France Football “Алтын топтун” бириккенин жарыялаган. Алтын топ жана ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу сыйлыктары (улуттук команданын капитандары жана машыктыруучуларынын добушунун негизинде аныкталат.) 2016-жылдын сентябрь айында France Football ФИФА менен өнөктөштүгүн аяктаганын жарыялап, алгачкы жылдын мыкты оюнчусу системасына кайтып келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттардын 1 күндүк айлык маянасын Палестинага  которуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев Палестинага 1 күндүк айлык маянасын которууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 18-октябрда парламенттин жалпы жыйынында  айтты. Кыдыкбаев  “Дүйнөлүк коомчулук Палестина боюнча оор акыбалда болуп турат. Ошол жакка жардам берип, 1 күндүк маянабызды бөлүп берсек. Ал эми өкмөт болсо ушул каражатты жеткирүүнүн жолун таап берсе, […]

Сизге жагышы мүмкүн