Футбол боюнча дүйнө чемпионаты (U-20) Аргентинада өтөт

Автор

Аргентина 2023-жылы 20 жашка чейинкилер арасында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өз футбол талаасында өткөрөт. Бул тууралуу ФИФАнын басма сөз кызматы билдирди.

Алгач турнир Индонезияда өтүшү керек болчу, бирок бул өлкөнүн өкмөтү саясий себептерден улам Израилдин курама командасына катышуу укугунан ажыраткандан кийин ФИФА дүйнөлүк чемпионатты башка жакка жылдырууну чечкен. Жыйынтыгында Аргентина футбол ассоциациясы тапшырган арыз канааттандырылды.

Өткөн жумада ФИФА делегациясынын мүчөлөрү турнирди өткөрүү үчүн сунушталган жайларды кыдырып, Аргентина үчүн оң чечим чыгарган тиешелүү инфраструктурага баа беришти.

Дүйнө чемпиондугу (U-20) 2023-жылдын 20-майынан 11-июнуна чейин өтөт. Ага 24 команда катышып, биринчи этапта алты тайпага бөлүнөт. Аргентина курама командасы турнирде үй ээси катары Индонезиянын командасын алмаштырат.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатында Азияны Өзбекстан (Азия чемпиону), Ирак, Япония жана Түштүк Кореянын командалары коргойт.

Дүйнө чемпиондугуна тандоого Кыргызстандын курама командасы да катышып, бирок Азия чемпионатынын жыйынтыгы менен ал жакка илинген  жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Чек арага электрондук тосмо курула баштады

Польша Россиянын Калининград облусу менен чек арасына электрондук тосмо кура баштаганын өлкөнүн ички иштер министри Мариуш Камински билдирди. «Польша-орус чек арасында электрондук шлагбаумдун курулушу башталды. Иш быйыл күзүндө бүтөт. Биз Россия менен чек арада болуп жаткан окуяларга толук мониторинг жүргүзөбүз»,-деди министр. Чек аранын 199-чакырымында электрондук шлагбаум, башкача айтканда, камералар жана […]

Сизге жагышы мүмкүн