Жошуа менен Уайлдер мартта рингге чыгышы мүмкүн

Автор

Бокс боюнча оор салмактагы эки дүйнөнүн мурдагы чемпиону, британиялык Энтони Жошуа менен америкалык Деонтей Уайлдер 2024-жылдын март айында беттешиши мүмкүн.
Жошуа эң абройлуу беш оор салмактагы чемпиондук курдун төртөөнө ээ болгон – WBA, IBF, WBO жана IBO. Ал эки жолу чемпиондук үчүн күрөштө крымдык Александр Усикке утулуп калган.
Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) версиясы боюнча Уайлдердин бир гана, бирок балким эң абройлуу наамы болгон. Ал британиялык Тайсон Фьюриге титул үчүн үч беттештин экөөнө утулуп калган (дагы бир тең чыгуу).
ESPN басылмасы Жошуа менен Уайлдер 9-мартта боло турган мушташ боюнча макулдашканын кабарлашты. Бирок бул үчүн мушкерлер 23-декабрда боло турган кийинки беттештерде жеңишке жетиши керек.
Белгилей кетсек, жаңы жылга бир жума калганда Жошуа менен Уайлдер Сауд Арабиядагы турнирдин четинде жолугушат: Энтони швециялык Отто Валлин менен, ал эми Деонтей жаңы зеландиялык Жозеф Паркер менен беттешет.

Бөлүшүү:
Next Post

ИДПнын көлөмү 1 трлн 72 млрд сомго жетти

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экономика жаатындагы иштер жакшы диманика менен бара жатканын белгиледи. “Дүйнөлүк тобокелдиктерге карап өзүбүздүн божомолдорубузду консервативдүү алып жатабыз. Бирок, жакшы динамика менен бара жатат. Быйылкы жылдагы ички дүң продуктынын көлөмү пландалгандай эле, […]

Сизге жагышы мүмкүн