ФИФАнын рейтингинде Аргентина алдыга чыгышы мүмкүн

Автор

2022-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиону болгон Аргентина келерки аптада жаңыланган ФИФАнын дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунга чыгат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары Аргентина курамы  Бразилиядан ашып, алдыга чыгарын жазышууда.

Маалыматка ылайык, бул көтөрүлүү дүйнө чемпиондорунун жолдоштук беттештердеги акыркы эки жеңишинин аркасында мүмкүн болот. Алгач Лионель Скалонинин тарбиялануучулары Панаманын оюнчуларынан күчтүүрөөк( – 2:0) болууда, андан кийин “Месси жана компания” Кюрасаоду ири эсеп менен жеңип алды – 7:0.

Эксперттердин айтымында, бул азырынча алдын ала долбоор жана расмий рейтингдин өзү 6-апрелде жарыяланат. Марокко менен болгон жолдоштук оюнда 1-2 эсебинде утулган Бразилия рейтингде үчүнчү орунга төмөндөйт. Экинчи сапта Франциянын командасы болушу күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Экс-президентке 30дан ашык айып тагылды

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка 30дан ашык айып тагылды. 2018-жылдын январь айында The Wall Street Journal гезити Трамп 2006-жылы актриса Сторми Дэниэлс менен мамиледе болгону жана 2016-жылдагы президенттик шайлоого аз калганда унчукпоо үчүн ага 130 миң доллар төлөгөн деген макаланы жарыялаган. Трамп өзү Дэниэлс менен жеке мамилеси жок деп ишендирүүдө. […]

Сизге жагышы мүмкүн