Унааны караңгылатуудан канча акча түшкөнү айтылды

Автор

2023-жылдын январь айынан ноябрга чейин унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн бюджетке 381 млн 20 миң сом түшкөн.
“Унаа” мекемесинин маалыматына караганда, ноябрь айында унаа ээлери караңгылатуу үчүн 90,8 млн сом төлөшкөн. Ал эми 2022-жылдын июнунан августуна чейин унааны караңгылатуудан бюджетке 69,7 млн сом түшкөн. Бул 2023-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу 21 млн сомго аз.
Белгилеп кетсек, уруксат кагазынын баасы жеке жактар үчүн 80 миң сом, юридикалык жактар үчүн 100 миң сом жана резидент эместер үчүн 120 миң сом. Каражат жыл сайын төлөнөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку соттун судьялары шайланды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 10-январдагы жалпы жыйынында депутаттар Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлер каралды. Талапкерлер тууралуу Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди. Президент Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган. Талкуунун жыйынтыгында судьялар шайланып, парламенттин […]

Сизге жагышы мүмкүн