Унааларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Автор

Кыргызстандын аймагына унааларды мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында “Кайыңды-темир жол” товарларды чек арага каттоо пунктунда жалган эсеп-фактураларды берүү менен темир жол аркылуу 8 унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды.

Учурда УКМК тарабынан КБР катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик салык кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Күнүнө канча кадам басыш керек?

Күнүмдүк норма – 10 000 кадам  адамдын денесин чыңдоого жардам берет деп жалпы кабыл алынган. Бирок Nature Medicine журналында жарыяланган акыркы изилдөө башка изилдөөнү сунуштап жатат. Экспериментке дене массасынын индекси 24,3 (ден соолугу чың) жана  32,9 (толук) 41 жаштан 67 жашка чейинки адамдар катышкан. Алар күнүнө кеминде 10 саат бою […]

Сизге жагышы мүмкүн