Украина эркектерге чет өлкөгө паспорт берүүгө тыюу салды

Автор

Өлкөнүн министрлер кабинети тиешелүү токтомду кабыл алды.
“18 жаштан 60 жашка чейинки Украинанын эркек жаранына чет өлкөгө чыгуусуна паспортун алуу мамлекеттик миграция кызматынын аймактык бөлүмүндө жүргүзүлөт”,-деп айтылат документте.
Токтомдо Украинанын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелерине паспорттор жөнөтүлбөй турганы белгиленет.
Мындан ары чет мамлекетке паспортту майыптар, алардын жакындары жана коштоп жүргөн адамдар, ошондой эле чет өлкөдө дарыланууга муктаж балдары бар жарандар гана паспорт ала алышат.
Буга чейин Украинанын Тышкы иштер министрлиги чет жактагы аскер курагындагы украиндерге чет элдик паспорт берүүнү токтотууга буйрук бергени кабарланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Селден жабыркагандарга кенемте төлөнөт

2023-2024-жылдарга селдердин алдын алуу боюнча бюджеттен 39 млн 210 миң сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде парламенттин жалпы жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди. Учурда төрт күндөн бери Кыргызстанда жүргөн сел апаатынан Сузак, Талас райондору, Ош облусунда өзгөчө кырдаалдар абалы киргизилген. Ал эми учурда Жарандык коргонуу комиссиясы […]

Сизге жагышы мүмкүн