Роналду дүйнөлүк спортчулар рейтингинде биринчи орунга чыкты

Автор

Hopper HQ компаниясы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк спорт жылдыздарынын рейтингин жарыялады. Алдыңкы бештикке кирген оюнчулар:
Ошентип биринчи орунда “Аль-Насрдын” жылдызы Криштиану Роналду турат. Экинчи орунда “Интер Майами” клубунун чабуулчусу Лионель Месси. Үчүнчү орунда индиялык крикетчи Вират Кохли. Компания “Аль-Хилалдын” чабуулчусу Неймарды төртүнчү орунга жайгаштырды. Бешинчи орунда Лос-Анжелестин чабуулчусу Леброн Жеймс турат.
Эске сала кетсек, Криштиану Роналду Сауд Аравиянын “Аль-Наср” клубунда 2023-жылдын январынан бери ойноп келет. Анын клуб менен келишими 2025-жылга чейин түзүлгөн. Бул сезондо Роналду “Аль-Насрдын” курамында бардык турнирлерде 24 беттеш өткөрүп, 23 гол жана 11 пас киргизген.

Бөлүшүү:
Next Post

Ажыдаар жылы эмнени билдирет?

Чыгыш календары боюнча 2024-жыл Жашыл жыгач ажыдаар жылы деп айтылат. Кытай маданиятында бул мифтик жаныбар күчтү, асылдыкты, ар-намысты, ийгиликти жана ийгиликти билдирет. Эң жакшы учурлар ар дайым ажыдаардын кол астында өтөт деп ишенишет. Ошентип, 2024-жылдан жакшы нерселерди күтүш керек: жагымдуу өзгөрүүлөр, жолугушуулар, көптөгөн көйгөйлөрдүн чечилиши. Кытай астрологиясы боюнча, ар бир […]

Сизге жагышы мүмкүн