УКМК төрагасы эбегейсиз бай делген бизнесмендердин атын атады

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын эң бай адамдарын тизмектеп, булар канчалык байыса да, мамлекетке жана коомго болгон мамилесин өзгөртүшкөн жок деп билдирди.

Ал өз сөзүндө ” дагы деле байлыкка тойбостон, байлыктын аркасынан түшүп келатышат. Ошонун себебинен кечээгидей митингдер болуп жатат”,- деди.

УКМК төрагасынын тизмесинде Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Эльвира Сурабалдиева, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Чыңгыз Алканов жана Кубатбек Байболов сыяктуу бизнесмендер бар. “Булар акыркы 30 жылдан бери базарларды кармап келатышат жана эбегейсиз байлыктарды топтошту”,- деди Камчыбек Ташиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Россиядагы президенттик шайлоонун күнү болжолдонду

Россия парламентинин жогорку палатасы (Федерация Кеңеши) президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындоо боюнча токтомдун долбоорун карайт. Сенатор Андрей Клишас өзүнүн Telegram каналында Россияда боло турган президенттик шайлоонун алдын ала датасын жарыялады.  «Федерация Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети 6-декабрдагы жыйынында Россия Федерациясынын президентин шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындоо жөнүндө Федерация Кеңешинин токтомунун долбоорун […]

Сизге жагышы мүмкүн