Жалал-Абадда кызылча оорусунан улам эки мектеп жабылды

Автор

Жалал-Абад шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиясынын чечими менен №2 жана №7 мектептер окуучулар үчүн убактылуу жабылып, аралыктан окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, буга кызылча оорусуна кабылган окуучулар көбөйүп кеткени себеп болгон. Жалал-Абад шаарында кызылча илдетине кабылгандардын саны 144 адамды түзгөн. Алардын 85и мектеп курагындагы өспүрүмдөр. Учурда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө кызылча менен ооруган 42 бейтап дарыланууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүн биринчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шаардыктарды этият болууга чакырууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн