Төрага мөңгүлөр ээрибей Бишкек суусуз калганын айтты

Автор

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 7-июндагы жыйынында борбор шаардын суу маселеси көтөрүлдү. Депутат Улан Примов мэр Эмил Абдыкадыровду чакырып, эмне үчүн даярдык көрүлбөгөнүн, суунун башында туруп, суусуз калсак уят экенин, мунун жөнүн сурайлы десе, депутат Дастан Бекешев учурда Бишкекте бир жумадан бери суу жок болуп жатканын айтты. Тийиштүү жетекчилерди чакырып, сурайлы дешти эле, төрага Нурлан Шакиев анын себебин мөңгүлөрдүн ээрибегенине байланыштырып, “Акылбек Жапаров менен Эмил Абдыкадыров Сочи шаарына учуп кетишти. Аларды чакырган менен мөңгүлөр ээрип кетпейт”,- деп жооп берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Журналисттер айлык акыларын ала албай жатышат

Жети облустун журналисттери 3 айдан бери айлык-маяналарын ала албай жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 7- июндагы пленардык жыйынында  айтылды. Жыйында депутат Бакыт Чойбеков “мындан үч ай мурун облусттук телеканалдарды маданият министрлигигинен бөлүп, УТРКнын карамагына өткөрүшкөн. Бирок, УТРК облустагы мамлекеттик телеканалдарда эмгектенген журналисттердин айлык-маянасын чечпей жатат”, – деп билдирди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн