Төраганын ар намысын ким коргойт?

Автор

Журналист Бекен Назаралиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бейнеси тууралуу пикирлерин калемге алып, ага катуу айыптоолорду таккан. Анда журналист төраганын экинчи никесинен төрөлгөн уулуна фамилиясын бере албай жатканын, байбичесине билинип калып, чоң жаңжал чыкканын айтып, аны түркөй жана эки жүздүү деп белгилеген. Төраганын Курманбек Бакиев, Адахан Мадумаров жана “Ата Журт” партиясы менен болгон мамилесин, өкүл атасын, кызматтарын, ошондой эле адамдык касиетине токтолуп, өзүнүн баасын берет. Жогорку Кеңештен кимдерди кетиргенин да жазган. Төрага айтылгандар боюнча сотко кайрылабы же, унчукпай калууну туура көрөбү, аны мезгил көрсөтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке 100,5 млн сом түштү

Бүгүн, 10-март саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 100 млн 559 миң 400,12 сом, 18 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү […]

Сизге жагышы мүмкүн