Түрк парламенти Швециянын НАТОго кошулуу арызын жактырды

Автор

Түрк парламенти Швецияны НАТОго кабыл алуу боюнча протоколду ратификациялоо үчүн добуш берди. Эми документ өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоганга жөнөтүлүп, жакынкы күндөрү ага кол коюусу күтүлүүдө.
Швеция Финляндия менен бирге 2022-жылдын жайында НАТОго кирүү үчүн арыз берген. Бул өлкөлөр альянска кошулууну орус аскерлеринин Украинага толук масштабдуу басып киришинин фонунда чечишти.
2023-жылдын апрелинде НАТОго Финляндия гана кошулган. Түркия Швециянын альянска киришине бир катар шарттарды коюп каршы чыкты. Анкара Стокгольмдон түрк бийлиги террорчулук үчүн айыптаган адамдарды өткөрүп берүүнү, Түркия террордук уюм деп эсептеген Күрдистан жумушчу партиясынын иштерине бөгөт коюуну талап кылды. 2023-жылдын июль айында Эрдоган НАТОнун баш катчысы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Швециянын сунушун колдоого макул болгон.
НАТОго кирүү үчүн талапкер өлкөнүн арызы альянстын бардык мүчөлөрү тарабынан жактырылышы керек. Швециянын арызын ратификациялай элек НАТОго мүчө бир өлкө Венгрия калууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кулатуу боюнча Кыргызстан чемпионаты аяктады

Бишкекте “Стронг” спорт комплексинде кулатуу боюнча Кыргызстандын ХХХI чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 260 спортчу катышты. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: Эркектер арасында — 52 кг 1-орун Медер Субанов (Ысык-Көл); 2-орун Артур Мамыров […]

Сизге жагышы мүмкүн