Түркиянын башчысы Израилди изоляциялоо аракетин билдирди

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Газа тилкесиндеги операциядан улам Израилди эл аралык изоляцияга алуу ниетин билдирди.
“Биз БУУнун Башкы Ассамблеясында 121 макул добуш менен кабыл алынган резолюциясына добуш берүүдөн калыс калган өлкөлөрдүн лидерлери менен диалогду жүргүзүп жатабыз. Ошол эле учурда Палестина элине көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн ар кандай гуманитардык колдоо көрсөтүп жатабыз. Израилди эл аралык аренада изоляциялоону улантабыз»,-деди Эрдоган.
Түрк лидери Израилди террористтик мамлекет деп атап, премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну өлкөсүнүн өзөктүк куралы бар экенин моюнга алууга чакырды.
«Нетаньяху, өзөктүк бомбаң бар экенин моюнга ал. Силерде бар, ошол себептен коркутасыңар. Канчалык бомбаңар болсо да, саясатта “күнүң” бүттү”,-деп баса белгиледи түрк президенти.

Бөлүшүү:
Next Post

Нурдан Орунтаев мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүүсүн улантат

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктигин жетектеп калган Нурдан Орунтаев шаардык бийликтин жетекчи орун басарлык кызматын аябай жакшы аркалады. Эми шаардагы мыйзамсыз курулуштар боюнча катуу иш алып бараары каңкууланууда. Арийне, коомчулук ал мурда тергөөчү болуп иштеп турганда аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иш козголгону, ага кымбат баалуу 18 унааны уурдагандарды коргоп, […]

Сизге жагышы мүмкүн