Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке 99 млн сом түштү

Автор

Бүгүн, 9-март саат 09:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 98 млн 969 миң 794,50 сом, 18 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

 

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 “Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)”.

Төлөм коду: 14411100 – “Учурдагы жардам”.

Бөлүшүү:
Next Post

Медетбек Букуев бийликтин эң ишеничтүү адамыбы?

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчилигине аттанган Медетбек Букуев өлкөдө таасирдүү делген айрым саясатчылар менен жолугушуп жүргөнү тар чөйрөдө айтылып жатат. Ал саясатчылардын тамырын кармап, бийлик менен саясатчылардын ортосунда көпүрөлүк кызматты аркалап жатканы боюнча маалыматтар тарады. Кабинетте эле отура бергенге караганда бул көрүнүктүү иш экени талашсыз. Медетбек Букуев президенттин агайы экенин эске […]

Сизге жагышы мүмкүн