Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке 108,4 млн сом түштү

Автор

Бүгүн, 17-март саат 09:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 108 млн 486 миң 717,46 сом, 18 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

 

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 “Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)”.

Төлөм коду: 14411100 — “Учурдагы жардам”.

Бөлүшүү:
Next Post

Жоголгон 2,3 тонна уран табылды

Ливияда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин инспекторлору жарыялаган, жоголгон 2,3 тонна уранды табышты. Генерал Халед ал-Махжубдун айтымында, уран контейнерлери өлкөнүн түштүгүндө сакталган жерден 5 чакырым алыстыкта, Чад менен чек арага жакын жерде табылган. Ливия 1969-жылы Муаммар Каддафи бийликке келгенден кийин өзүнүн өзөктүк программасы боюнча иштей баштаган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн