Түндүк Корея элчиликтерин жабат

Автор

Түндүк Корея Испаниядагы, Гонконгдогу жана Африканын бир катар өлкөлөрүндөгү онго жакын элчиликтерин жабууга ниеттенүүдө. Бул Пхеньяндын дүйнө жүзү боюнча миссияларынын 25 пайызынын  жабылышына алып келиши мүмкүн.
Өткөн аптада өлкөнүн элчилери Анголанын жана Уганданын лидерлери менен коштошуу зыяратына барышкан. Бул мамлекеттер 1970-жылдардан бери Түндүк Корея менен достук мамиледе.
Түштүк Кореянын Биригүү министрлиги Түндүк Кореянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жабылышын эл аралык санкцияларга байланыштырды.
Министрликтин маалыматына караганда, Түндүк Корея 159 мамлекет менен расмий мамиледе.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеш Матраимовдун тобунан тазаланабы?

Раим Матраимовдун кылмыштуу уюшкан тобуна мүчө делген мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар четинен аныкталып, кызмат ордунан бошотулууда. Өздүк булактарыбызга билдиришкендей, Жогорку Кеңештин 5 депутатынын мандат маселеси жакынкы күндөрү каралышы мүмкүн. Алардын Матраимов менен болгон мамилелери аныкталып, айрымдарына мурда кылмыш иш козголгону белгилүү болгон. Эми алар боюнча катаал чаралар колдонулуп, мамбюджетке “кустуризация” башталабы? […]

Сизге жагышы мүмкүн