АКШ Газада БУУнун ок атышпоо резолюциясына бөгөт койду

Автор

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Газа тилкесинде гуманитардык элдешүү боюнча резолюцияны кабыл ала алган жок. АКШ вето укугунан пайдаланып, ага каршы добуш берген.
Жума күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнүн чукул жыйынында Бириккен Араб Эмираттары сунуштаган Газадагы гуманитардык элдешүү боюнча резолюциянын жаңы долбоору каралды. Баш катчы Антониу Гутерриш аймактагы гуманитардык система кыйроого учурашы мүмкүн экенин эскертти. Ал кошумчалагандай, кризис Батыш Шериада, Ливанда, Сирияда, Иракта жана Йеменде сезилип жатат. Гутеррештин айтымында, кагылыштан 17 миң палестиналык каза тапты, алардын 4 миңи аялдар жана 7 миңи балдар. Он миңдеген адамдар жарадар болуп, көбү дайынсыз жоголгон жана урандылардын астында калганы болжолдонууда.
Жыйынтыгында резолюция долбоорун Коопсуздук кеңешинин 13 мүчөсү колдоду, Улуу Британия жооп берүүдөн баш тартты, ал эми АКШ вето укугунан пайдаланып, каршы добуш берди.
Ошентип, Коопсуздук кеңеши сунушталган резолюцияны кабыл ала алган жок.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши шайланган 10 мүчөдөн жана беш туруктуу мүчөдөн турат. Алар Кытай, Россия, Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугу, АКШ жана Франция. Эки жылга шайланган азыркы 10 туруктуу эмес мүчөлөргө Албания, Бразилия, Габон, Гана, Мальта, Мозамбик, БАЭ, Швейцария, Эквадор жана Япония кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Татаал тагдыр, таза жол: Академик Абдыганы Эркебаевдин жаңы китептеринин бет ачары өтүүдө

Бүгүн, 9-декабрда мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик Абдыганы Эркебаевдин 70-жаш юбилейинин алкагында жаңы китептеринин бет ачаары болуп жатат. Ага адабиятчы илимпоздор, сачсатчылар, журналисттер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышууда. Абдыганы Эркебаев басып өткөн жолуна саресеп салып, чыгармачылык менен саясаттагы айкалышкан бийиктигинен кызыктуу кеп куруп берди. Атактуу академик кыргыз элинин ынтымагына басып […]

Сизге жагышы мүмкүн