Тоо-кен тармагынын дүң кирешеси 12,1 млрд сомду түздү

Автор

Тоо-кен казып алуу ишканалары тарабынан продукцияларды, жумуштарды жана кызматтарды сатуудан түшкөн дүң киреше 12 миллиард 131,4 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин  2023-жылдын биринчи кварталындагы ишинин жыйынтыгын чагылдырган каржылык маалыматтарында айтылат.

Маалыматка ылайык,  9 миллиард 156,7 миллион сом продукцияны чыгарууга жана сатып өткөрүүгө кеткен чыгымды түзгөндүгү белгиленген. Бул чыгымдарды эсепке алганда тоо-кен тармагынын ишканалары алган жалпы пайда 2 миллиард 974,7 миллион сомго жетти.

Мындай оң натыйжага карабастан, кен казуучу ишканалардын кирешеси менен чыгашасынын айырмасы болгон таза жыйынтык жыл ичинде 57,2%га төмөндөп, 1 млрд 222,5 млн сомго жеткенин белгилей кетүү керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмне үчүн эртең менен бет шишип кетет?

Эмне үчүн эртең менен бет шишип кетет: аялдардагы себептер. Эдема – дененин кыртыштарында суюктуктун кармалышы. Бетинде, адатта, көздүн астындагы, жаак сөөктөрүндө жана ээктин астындагы бош тери астындагы майларда токтоп калат, ошондуктан шишик көбүнчө ушул жерлерде пайда болот. Уктагандан кийин беттин шишип кетишинин тышкы себептери. Көбүнчө биз өз эркибиз менен же […]

Сизге жагышы мүмкүн