Токмоктун мэри Самаев эмне үчүн кармалганы айтылды

Автор

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин кармалышынын чоо-жайын айтты.

Мекеменин маалыматына ылайык, Самаевдин “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды.

Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.

Самаев күн мурун 17-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Айыл чарбасын каржылоого 965 млн сомго насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоору боюнча 14-апрелге карата 965 млн 561 миң сомго 2 миң 75 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен “Айыл Банк” ААК аркылуу 444 млн 233 миң сомго 939 насыя, ал эми “РСК Банк” ААК аркылуу 521 млн 328 миң сомго 1 […]

Сизге жагышы мүмкүн