Тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Автор

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 25-30-ноябрь күндөрү тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Спорттук иш-чара жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан жана Казакстандан келген спортчулар катышты.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында:

1-орун Рахат Айтбаев (Алматы шаары);

2-орун Ринат Керейбаев (Павлодар);

3-орун Арыстан Манарбек уулу (Казакстан);

4-орун Кубан Сазаев (Бишкек шаары);

5-орун Елдар Дакен (Алматы шаары);

6-орун Жанат Каймульдин (Павлодар);

7-орун Сырттан Сыргак уулу (Бишкек шаары);

8-орун Аманбек Ондирбаев (Ак тобе);

9-орун Саят Жандарбек (Түркестан).

 

Кыз-келиндер арасында:

1-орун Акбота Намаз (Түркестан);

2-орун Жамиля Баилдяшева (Казакстан);

3-орун Аяна Исахан (Казакстан);

4-орун Айтурган Максатбек кызы (Бишкек шаары);

5-орун Алтынай Шамбетова (Бишкек шаары);

6-орун Розигуль Сайдулла (Казакстан);

7-орун Карагат Жандос кызы (Түркистан);

8-орун Акерке Кудайберген (Түркестан);

9-орун Гүлжамал Сарыкеева (Бишкек шаары).

 

Эл аралык мелдеш Дене тартия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана КРнын Тогуз коргоол федерациясы тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү:
Next Post

БАЭ 30 миллиард долларлык климаттык фонд түзүлгөнүн жарыялады

Бириккен Араб Эмираттары 30 миллиард долларлык Альтерра климатты каржылоо фондун түзөөрүн президент Мохаммед бен Заид аль-Нахайян Дубайдагы COP28 климаттык саммитинин ачылышында билдирди. COP28 веб-сайтындагы билдирүүгө ылайык, Alterra дүйнөдөгү эң ири жеке менчик климаттык инвестициялык фонд болот.  Аны Абу-Даби глобалдык базарынын эркин зонасында жайгашкан көз карандысыз Lunate компаниясы башкарат.  Фонддун башкы […]

Сизге жагышы мүмкүн