Атайын өкүл: Грузия Евробиримдикке мүчө болот

Автор

Чыгыш өнөктөштүк боюнча Европанын тышкы аракеттенүү кызматынын атайын өкүлү Дирк Шубель Грузия келечекте Европа Биримдигине мүчө болоорун билдирди.  Бул тууралуу Грузия өкмөтүнүн басма сөз кызматы өлкөнүн премьер-министри Ираклий Гарибашвили менен Евробиримдиктин Чыгыш өнөктөштүк жана Евробиримдикке мүчө мамлекеттер боюнча атайын өкүлдөрүнүн Тбилисиде өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында билдирди.
“Европа Биримдиги Грузиянын жанында турат жана биз келечекте өлкө Евросоюзга мүчө болорунан эч кандай күмөн санабайбыз”,-деди Шубель.
Дипломат ошондой эле Евробиримдиктин 2022-жылдын жай айларында Евробиримдикке талапкер статусун алуу үчүн Грузия ага берилген 12 сунушту канчалык деңгээлде аткаргандыгы тууралуу отчеттун жарыяланышына эки күн калганда атайын өкүлдөрдүн Тбилисиге келиши «жакшы жышаан» экенин кошумчалады.
Шубелдин айтымында, азыр Брюсселде Еврокомиссиянын 8-ноябрда жарыялана турган отчетуна акыркы чекит коюу иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

7-ноябрь - Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү

7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. Басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет. Кыргызстандын Юстиция министрлигинен миңден ашуун гезит-журнал каттоодон өткөн. Бирок, 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү расмий белгиленип, бул күндөр дем […]

Сизге жагышы мүмкүн