Тергөө комитетинин жетекчиси: Крокустагы теракттын толук хронологиясы аныкталды

Автор

Россиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин президент Владимир Путинге тергөө Крокус Холлдогу теракттын толук хронологиясын аныктаганын айтты. Анын айтымында кол салуу жакшы пландаштырылган. Террорчулар саат 18:54тө Рено унаасы менен аталган имаратка жетип, көрүүчүлөрдүн келишин күткөн. Саат 19:58де алар унаадан түшүп көчөдө ок чыгара башташкан, андан кийин имараттын ичине киришкен. Ал жерден концерттик залда ок атууну улантып, андан кийин бөтөлкөлөрдөгү бензин менен өрттөшкөн.
Террорчулар имараттан саат 20:11де чыгып кетишкен. Унаасы менен катуу ылдамдыкта баратканда эки балалуу үй-бүлөнү сүзүп кетишкен. Балдар оор жаракат менен ооруканага жаткырылды.
Тергөө комитетинин башчысы билдиргендей, «Крокус» имаратында 200дөн ашык тинтүү, мындан тышкары тергөө үчүн маанилүү болгон 1 миңден ашык буюм алынган. Террорчулар кармалганда алардан эки АК-74, 500дөн ашык ок-дарылар, 28 магазин жана бензин калдыктары бар бөтөлкөлөр табылган. Алар концерттик залды өрттөөгө колдонулган. Теракт боюнча айыпты сурак учурунда жана сотто мойнуна алышкан. Айыпталуучулардын баары кол салууну уюштуруучулар жана аларга көмөктөшкөндөр тууралуу кеңири көрсөтмө беришти.
Террорчуларга жардам берген дагы үч киши кармалды. Алардын маалыматына караганда, Крокуска кол салган кылмышкерлерди батир, унаа менен камсыздалып, акча берилмек.
Тергөө комитетинин жетекчиси Крокустун өрт өчүрүүчү системаларынын иштешин текшерип жатканын билдирди. «Бул үчүн концерттик залдын өрт коопсуздугунун системасынын пульттары, электрондук блоктору жана башкаруучу аппараттары алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жаңы спорт комплекси курулат

Бишкектин борборунда жаңы спорт комплекс салынат. Бүгүн,26-мартта комплекстин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен (КФБ) билдиришти. Маалыматка ылайык, комплекстин жалпы аянты 3 012,44 м2 түзөт. Имаратта зал, машыгуу залы жана административдик бөлмөлөр жайгашат. Залдын жалпы сыйымдуулугу – 473 орун. Курулуш 2024-жылдын август айында аяктайт. Капсула салуу иш-чарасына КФБге […]

Сизге жагышы мүмкүн