Ташиев соодагерлердин митингги тууралуу үн катты

Автор

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы базарларда болгон нааразылык акциялары  жөнүндө  пикирин айтты.  Бул тууралуу ал 6-декабрда атайын кызматтын Аламүдүн райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып билдирди.

«Өлкөдөгү ири соода-базар комплекстерине эң бай адамдар ээлик кылышат. Алар мындан өтө чоң көлөмдө пайда табышат. Соодагерлер ижара акысына чоң каражат төлөп жатканына карабастан, көп базарларда аларга элементардык шарттар түзүлгөн эмес. Ошондуктан, соодагерлердин кыйынчылыктарын азайтуу үчүн ижара акысы жок дегенде эки эсе азайтылышы кажет. Мындан тышкары, ККМ аппараттарын сатып алууга чамасы жок чакан ишкерлер аппараттар менен бекер камсыз болушу кажет. Азыр айрым күчтөр социалдык-экономикалык маселелерди саясатка айландырууга аракет жасап жатышат. Элиме айтаарым, мындай чагымчылыкка алдырбаңыздар. Себеби, бул чагымчылар ким экенин биз жакшы билебиз жана аларды мыйзам жүзүндө жакын арада жоопкерчиликке тартабыз!» — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайдан кийин Россияда катталган инфекциянын үч белгиси айтылды

Микоплазма инфекциясынын негизги белгилери Кытайда, Европанын бир катар өлкөлөрүндө башталгандан кийин Россияда аныкталган. Үч негизги симптому жөтөл, мурундун агышы. Микоплазма инфекциясына каршы вакцина жок экенин белгилеген дарыгерлер эрте аныктоо жана тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Микоплазмоз илгертен бери эле белгилүү. Бул оорунун козгогучу микоплазма пневмониясы болуп саналат. Ноябрда The […]

Сизге жагышы мүмкүн