Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө 312 адам чыкты

Автор

Чүй облусунун Аламүдүн коктусунда дайынсыз жоголгон Мукамбеталыны издөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө иштерине жалпы 312 адам чыкты.
ӨКМдин курамында кинологдор болгон 188 куткаруучусу 10 дрон менен, ИИМден 120 кызматкер 2 дрон, Инсараг тобунун 4 адиси 2 дрон менен издөө ишин алып барууда.
Эске салсак, 14-январда 28 жаштагы Маматалы уулу Мукамбеталы дайынсыз жоголгон. Ал акыркы жолу 15-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле анын Аламүдүн капчыгайында “Жаннат Резорт” мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.
Аталган жаранды издөө иши өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бизге эмне үчүн уйку керек?

Уйку – бул дененин жана акылдын кайра заряддалышына мүмкүндүк берген ажырагыс функциясы болуп саналат. Ошондой эле, сергек уйку организмдин дени сак болушуна жана оорулардын алдын алууга жардам берет. Уйкунун сапаты эмне үчүн маанилүү? Уйкунун үзгүлтүксүз графигин сактоо, атүгүл дем алыш күндөрү да, денеңиздин ички саатын бир калыпта кармап, уктап калууңузга […]

Сизге жагышы мүмкүн