Тайвандын жаңы президенти АКШ менен кызматташуу тууралуу айтты

Автор

Тайвандын жаңы президенти Лай Циндэ АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин куттуктоосуна жооп берип, мамлекеттер менен биргеликте иш алып барарын билдирди.
“Катчы Блинкен, куттуктооңуз үчүн рахмат. Америкалык досторубуз менен биргеликте Тайвань Индо-Тынч океан чөлкөмүндө демократияны, тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү мындан ары да алга жылдырууга умтулат»,-деди ал.
Кийинчерээк Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жана Кытайдын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери башка өлкөлөрдүн жетекчилерине Лай Циндени куттуктоодон алыс болууну эскертти.
Өткөн ишембиде Тайвандын эли президенттик шайлоого добуш берди. Бюллетендердин 98 пайызын эсептөөнүн жыйынтыгында Лай Циндэ президенттик жарышта жеңишке жетти. Ал шайлоочулардын 40,2 пайыз добушун алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Мохамед Салах Африканын эң мыкты оюнчусу аталды

Англиялык “Ливерпуль” клубунун жана Египет курама командасынын чабуулчусу Мохамед Салах британиялык FourFourTwo журналы түзгөн Африка континентинин тарыхындагы эң мыкты футболчулардын рейтингинде биринчи орунга чыкты. Тажрыйбалуу чабуулчусу дүйнөлүк футболдо өз изин калтырган африкалык 32 мыкты оюнчунун тизмесинде биринчи орунду ээледи. Африканын өкүлдөрү дүйнөлүк чемпионаттан баштап Европанын алдыңкы өлкөлөрүнүн чемпионаттарына чейин планетардык […]

Сизге жагышы мүмкүн