Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында чемпион болду

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медаль багындырды.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков япон спортчусу Аята Сузуки менен кез келип, анын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады. Азия оюндарына Шаршенбеков 8/1 финалдан тарта катышып, 60 кг салмак категориясында беттешти.

Шаршенбеков алгач тажикстандык Асламджон Азизов менен кез келип, аны 8:5 эсебинде утуп алды. Андан соң кыргыз балбаны кореялык Чон Ханджеге бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен, 9:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда Шаршенбеков өзбекстандык Исломжон Бахрамовду артта калтырып, финалга чыккан.

Бөлүшүү:
Next Post

5-октябрга карата аба ырайы

Эртең, 5-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21,   Нарын облусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн