Орусиялык 259 спортчу жазаланды

Автор

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик (WADA) Москва лабораториясынын (LIMS) маалыматтарын кайра текшерип, 250 орусиялык спортчуга жаза берди. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтында айтылат.
Ошондой эле дагы 32 спортчуга айып тагылып, 106 факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы белгиленген. Мындан тышкары LIMS операциясы боюнча иликтөө “ийгиликтүү” уланып жатканын билдирди.
2019-жылдын январында WADA агенттиктин эксперттери Москвадагы антидопинг лабораториясынын маалымат базасынан маалыматтарды ийгиликтүү алышканын билдирген. Кийинчерээк Орусия маалымат базасынын маалыматтарын манипуляциялаган деп айыпталып, орусиялык спортчуларга төрт жылга ири эл аралык мелдештерге, анын ичинде Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндарга катышууга тыюу салынган. Аткаруу комитетинин чечимине макул эместиги тууралуу РУСАДАдан билдирүү алгандан кийин WADA Спорттук арбитраждык сотко (CAS) кайрылган. CAS 2020-жылдын 17-декабрында WADAнын санкцияларын жумшартып, токтотууну эки жылга кыскартты.

Бөлүшүү:
Next Post

13-мартта күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, тоолуу райондордо жаан, кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4, Талас өрөөнүндө түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн