Соккулардан 7 адам курман болсо 65тен ашыгы жарат алды

Автор

Россиянын Донецк облусунун Покровск шаарына эки жолку соккусунан турак-жайлар, административдик имараттар жана мейманкана зыянга учурады. 7 адам каза болуп, 67си жарадар болгон. Алардын ичинде 29 милиция кызматкери, 7 куткаруучу жана 2 бала бар. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министрлигинин башчысы Игорь Клыменко билдирди.
Аткылоодон каза болгондордун бири – Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматынын Донецк облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Андрей Омельченко.
Түнкүсүн кайра-кайра аткылоолордон улам урандыларды ташып чыгуу убактылуу токтотулган. Эртең менен жумуш уланды.

Бөлүшүү:
Next Post

Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата 5 китеп жарык көрдү

Баткенде Кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына карата беш китептин бет ачары болду.   Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, “Арадан эки кылым өтсө дагы, көөнөрбөйт Молдо Нияз мурастары” ураанынын астында өткөн иш-чара Кадамжай шаарынын борбордук стадионунда уюштурулду.   Агартуучу, ойчул, философ Молдо Нияздын эмгектерин түбөлүк […]

Сизге жагышы мүмкүн