“Сапаттын” 12 окуучусу Эл аралык олимпиадага катышат

Автор

Эл аралык “Cапат” билим берүү мекемесинин 12 окуучусу Эл аралык олимпиадага катышат. Бул тууралуу Улуттук олимпиаданын IV этабынын жыйынтыгында белгилүү болду.
2024-жылдын 30-мартынан 4-апрелине чейин мектеп окуучуларынын арасында болуп өткөн Улуттук олимпиаданын IV этабы болуп өттү. Ага жалпысынан 150 окуучу катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында алтынды багындыргандар эми Эл аралык олимпиадаларда Кыргызстандын намысын коргошот.
Азыркы тапта математика, информатика, химия жана биология сабактарынан Эл аралык олимпиадаларга катышуучулар такталган жана “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинен ага 12 окуучу катышат. Ал эми физика сабагынан кимдер катыша турганы үстүбүздөгү жылдын 3-июнунан 10-июнга чейин өтө турган физика боюнча Азия олимпиадаларынан кийин белгилүү болот. Физика боюнча Азия олимпиадаларына Кыргызстандын 8 окуучу катышса, алардын алтоосун “Сапаттын” окуучулары түзгөн.
Эске салсак, Улуттук олимпиада математика, физика, химия, биология жана информатика сабактарынан турат. Олимпиада 4 турдан өтөт жана ага каалаган окуучулар катыша алат. Биринчи жана экинчи турлар он-лайн форматта өтсө, 3-тур офф-лайн болуп, андан финалдык бөлүккө окуучулар тандалып алынат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда үч айда 17 миңден ашуун жаранга пенсия чектелди

2024-жылдын январь-март айларында Кыргызстанда 17 миң 132 жаранга пенсия чектелди.Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде март айында 5 423 жаранга пенсия дайындалды. Мындан тышкары, бул аралыкта эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 377 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн