Чолпон – Атада “Micromine” колдонуучуларынын 6-эл аралык конференциясы өтүүдө

Автор

Бүгүн, 6-сентябрда  Чолпон – Ата шаарында “Micromine” программасынын колдонуучуларынын 6-эл аралык конференциясы башталды . Эки  күндүк бизнес  жана маданий иш-чаралар камтылган конференцияны  Борбор Азиядагы “micromine” компаниясы менен “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы  уюштурууда.

Аталган компания дүйнөнүн 90 ашуун өлкөсү тоо кен казуудагы эң ыңгайлуу ыкма катары колдонуп келишет.  Учурда   баяндамачылар алдыңкы техникалык адистер менен тажрыйба алмашуу, жаңы бизнес байланыштар, кызыктуу өнүм учурлары  тууралуу жаңы билги, сунуштар айтылууда.

Конференцияга  КР Энергетика министринин орун басары Таалайбек  Байгазиев жана Экология министринин орун басары Эмил Осмонбетов  сөз сүйлөдү.

6- эл аралык конференцияга  Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан өкүлдөр келишти. Австралиянын тоо кен казуудагы кесипкөй адиси онлайн катышып, micromine колдонууда анын жеңилдиктери боюнча кеңири маалымат берди.

Конференциянын уюштуруучуларынын бири “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Белек уулу Улукбек төмөндөгүлөргө токтолду: “ Бул иш-чаранын максаты өлкө башчыбыз Садыр  Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде биргелешип конференция, коомдук иш-чара өткөрүү маселеси көтөрүлгөн. Биз  Өзбекстандын  “Micromine”  компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүп, “Кыргызкөмүр” ишканасына санариптештерүү, жаңы технологияларды колдонуу боюнча Ысык-Көлдө конференция өткөрүүнү чечкенбиз. Анын алкагында өзбек компаниясы менен жаңы программалык камсыздоо, жаңы кадамдар менен баштап,тажрыйба алмашуу каралган. Башка компаниялар жана  инженерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Борбор Азиядагы бир лицензия боюнча талкуу болот. Мындан ташкары Өзбекстандын “Micromine”   компаниясы менен  санариптештирүү багытында мемарандумга кол коюлат”

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны алтын медаль жеңди

Кыргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нарту Абдурахманов Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, спортчу 97 кг чейинки салмакта катышып, алгач 1/4 финалдык беттеште ирандык балбанды жеңген. Жарым финалда казакстандык балбанды утса, ал эми финалдык беттеште түркиялык балбанды […]

Сизге жагышы мүмкүн