Саламаттык сактоо министрлигинин ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

Автор

Жогорку Кеңештин бүгүн, 3-апрелдеги жалпы жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай сунушту депутат Жусупбек Коргонбай уулу көтөрүп, саламаттыкты сактоо министрин катуу сынга алды
Комиссиянын курамына депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Жалолидин Нурбаев, Гүлшаркан Култаева, Шарапаткан Мажитова, Айсаракан Абдибаева, Исхак Масалиев, Султанбай Айжигитов, Нилуфар Алимжанова кирди.
Жусупбек Коргонбай уулу президентке, УКМКнын төрагасына кайрылуу жасап, Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптады. Ошондой эле анын айланасында кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар иштеп жатканын айтып, укук коргоо органдарын текшерүү жүргүзүүгө чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламент Алымкадыр Бейшеналиевге доо койду

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 3-апрелдеги жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди чыккынчы деп атап, аны “кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү менен байланыш түзүп, алардын ок жеген, жараат алгандарын милицияга билдирбей көмүскөдө операция кылып жүргөн” деп билдирди. “Ал мени сотко бериптир, мага демектен ГААГА сотуна берсин. Гиппократтын антын буза албайм, […]

Сизге жагышы мүмкүн