Төлөнбай Нурбаевдин унаасынан наркотикалык заттар табылды

Автор

Чет элдик ишкерлерден 200 миң доллар талап кылды делип, камакка алынган Төлөнбай Нурбаевдин үйү тинтүүгө алынган учурда BMV-7 үлгүсүндөгү автоунаасынан наркотикалык заттар, темир кастети жана 11 даана патрон табылган. Мындай маалыматты Ички иштер министрлиги таратты. Аны менен бирге 22 жаштагы уулу жана Фазил аттуу чет элдик жаран кармалып, убактылуу жайга киргизилген. Белгилүү болгондой, “Асман” шаары менен жаңы Акүйдүн курулушунда анын да бармагы бар деп божомолдонуп келет. Ал чет элдик инвесторлорду коркутуп, жаңы Акүйдү салып жаткан курулушчулардан 150 миң сомдон карактап турганы айтылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы депутаттын унчукпаганында бир мандем бар

Депутат Равшан Рысбаев коллегаларынын соккусуна чыдап, үн катпай келет. “Эл үчүн” фракциясынын депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Талант Мамытов жана Дастан Жумабековдор экс-депутат Өмүрбек Бакиров мандатынан мыйзамсыз кол жууду деп айтып келишүүдө. Буга жаңы депутаттын “Эл үчүн” фракциясына эмес “Ата Журт Кыргызстан” фракциясына  мүчө болгону себеп болду деген пикирлер бар. Кантсе да, […]

Сизге жагышы мүмкүн