8-февралга карата аба ырайы

Автор

Эртең, 8-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр карга айланат. Жолдорго муз тоңот. Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан жел согуп турат, күндүз айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин шамал болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндуз 5…10;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндуз -1…-6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-27, күндүз -5…-10°;

Бишкек шаарында түнкүсүн -1…-3°, кар жаайт, күндүз 3…5°, жамгыр жаайт.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Сенаты Украина менен Израилге жардам берүү долбооруна бөгөт койду

Украина менен Израилге жардам бөлүү жана АКШнын чек ара коопсуздугун каржылоо боюнча мыйзам долбоору Сенатта добуш берүүдөн өткөн жок. Маалыматтарга караганда, республикачылар Украинага 60 миллиард доллар, Израилге 14 миллиард доллар жана Индия-Тынч океан аймагындагы өнөктөштөрүнө Кытайга каршы күрөшүү үчүн 5 миллиард доллар жана АКШнын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн