Садыр Жапаров расмий сапар менен Японияга барат

Автор

Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Сапардын алкагында Улуу Даражалуу Император Нарухито, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида, Парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана консулдук-визалык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда», – деди Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент парламенттин 85 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, эл өкүлдөрүн парламенттин эртеңки 85 жылдык мааракеси менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: “Жогорку Кеңештин ардактуу депутаттары жана кыргыз парламентинин калыптануу жолунда эмгек сиңирген кадырлуу мекендештер! Кыргызстан эли, жалпы мекендештер – баарыбыз жакшы саамалыктын босогосунда турабыз. Коомдук […]

Сизге жагышы мүмкүн