Садыр Жапаров Аксы окуяларында курман болгондордун элесин эскерди

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуяларын эскерүү күнүндө 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган «Ала-Тоо» аянтындагы Монументке гүл койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Иш-чарага ошондой эле, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Жети жаштагы индиялык йога боюнча Гиннесске кирди

Жети жаштагы индиялык кыз йога боюнча эң жаш инструктор катары Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Пранви Гупта 3,5 жашында йогага кызыгып баштаган. Жети жашында ата-энеси аны инструкторлукка киргизип, азыр ал өз алдынча сабак берип, магистрдик сертификатка ээ болду. Кыз төрт айлык окуу курсун артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Йога мындан 2,5 миң […]

Сизге жагышы мүмкүн