Сагын Акматбекова: Акыркы барик…

Автор

…Акыры мезгил жетип ал да бутактан кулап түштү. Бутакта турганда ченемсиз алыс жана катуудай көрүнгөн жер ушунчалык жумшак жана ошого карабай муздак экен. Артта калгандын иши артта калган, жалгыздын иши жалгыз тура, өзүн кайда коерун билбей ээн көчөдө ээнсиреп не кыларын билбей турду.

Айлана улам караңгыланып, күүгүм кирип келатты. Таң атып, жерге жарык түшкөнчө түшкөн жеринде эле эптеп түнөп чыгууну ойлоду. Жака-жээгин жыйнап, кымтыланымыш болду. Уктоого ыңгайланып көзүн жумду. Аз өттүбү, көп өттүбү, бир кезде алыстан кимдир бирөөнүн келатканын туйду. Баскан дабышына караганда адам окшойт деп ойлоду. Ойлоп, көзүн ачып караса чын эле адам экен. Жайбаракат, шашпай, көңүлү жай кыңылдап ырдап келатат.

Бутакта турганда адам бою пас, майда жандыктардай көрүнчү эле, эми караса аябагандай зор, бийик, сүрдүү болуп көрүндү. Таң калып карап туруп, адам аны кантип тепсеп өтүп кеткендигин билбей да калды. Эси оой түштү. Көзүн ачса, ай тийип туруптур. Аба ого бетер муздап, көчө ого бетер ээндеп калыптыр. Жакын эле жерден шылдырап суу агып жатат. Өзү көрүнбөстөн шылдырап агып жатат. Ошол сууга жетип, аны менен агып кетейин деп ой кылды, бирок адам тепсеп кетип жараланган денесин көтөрүш кыйындыкка турду. Козголо албады.

Эми шамалдын, жок дегенде желдин жүрүшүн күткөндөн башка айла калбады. Жылаңач бутактардын арасында ай жылып баратат. Тарбайган бутактардын бирине чалынып, илинип калар бекен деп карап жатты. Жок, жылып баратат. Каалгып, үнсүз, жыңсыз… Дагы көзү илинип кеткен экен, канча убакыт өткөнүн ким билсин, так жанында эки көзү жылтырап бирөө турат. “Мяуй!”- деп койду. Коркуп кеткен барик көзүн жуумп ийди. Мунусу да тепсеп кетти. Тепсеп кеткени аз келгенсип, тырмагына илип алып кыйлага чейин сүйрөп барды. Акыры барик өзүн эртеден бери көрүнбөй шылдырап агып жаткан суудан көрдү. Агып баратыптыр.

Асманды чылк булут каптап, жанагы ай менен толгон жылдыздардан дайын жок. Бир жерде, көрүнгөндүн тепсендисинде жаткандан көрө суу менен кошо ага берген жакшы эмеспи. Ушинтип ой жүгүрткөн барик үстүнө кандайдыр бир жумшак, абадай жеңил нерсе келип урунганын сезди. Муну таанычу эмес. Дүйнөгө жаралган күндөн баштап мындай нерсени көргөн эмес. Жумшактын үстүнө дагы бир жумшак урунду. Ага карабай баягыдай эле жеп-жеңил агып баратты…

Бир нерсеге такалып дагы ойгонуп кетти. Такалган нерсеси чамындыдан жасалган кичинекей оюнчук кайык экен. Жерге эчак жарык түшүп, айлана тегеректин баары аппак. Кайыкка жөлөнгөн боюнча карап калды. Бирок түндөгүдөй акпай бир эле жерде кармалып турат. Кайык да, ал да акпай эле бир тушта кармалып турушат. Көчөдөн адамдар өтө баштады. Сүйлөшүп өтүп жатышты.

-Ушинтип кыш да келди, -дешти алар сүйлөшүп баратышып,- суу да тоңуптур.

-Ушинтип кыш да келди, – деп карк этти бир карга. Терекке конуп алыптыр.

– Көрсө, кыш деген ушул тура, – деп улутунуп койду барик, – көрсө кыш деген ушул тура.

САГЫН АКМАТБЕКОВА

Бөлүшүү:
Next Post

Карабакта Азербайжандын желегин Алиев өзү көтөрдү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев мурда таанылбаган Тоолуу Карабак Республикасынын борбору болгон Ханкендиде Бакунун Карабактагы акыркы аскердик операциясы тууралуу сөз сүйлөдү. Алиев шаарда  республиканын мамлекеттик желегин өзү көтөрдү. Алиев ошондой эле Карабахтын Агдере шаарында  жана Сарсанг суу сактагычынын аймагында Азербайжандын желегин орнотту. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн