Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун кол жазмасы ЮНЕСКОго кирди

Автор

ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле президент Садыр Жапаровго манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун кол жазмасын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү тууралуу сертификат тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, өлкөгө расмий сапар менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени президент күн мурун кабыл алган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдын алуу, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы кызматташтыкты, ошондой эле биргелешкен программаларды ишке ашыруу боюнча мындан аркы пландарды өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстанда Россия менен чектеш жерде токой өрттөнүп жатат

Өрттүн аянты 2 миң гектарга көбөйдү Казакстанда Абай районундагы Батпаев токой чарбасынын аймагындагы 2 миң гектар жерди өрт каптаган. Өрттү өчүрүүгө 167 адам, 47 техника, анын ичинде үч тик учак катышууда. Калктуу конуштарга эч кандай коркунуч жок. Өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильиндин буйругуна ылайык, өрт чыккан жерге Чыгыш-Казакстан, Караганда облустарынын […]

Сизге жагышы мүмкүн