Бишкекте ШКУ өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

Автор

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды.

Алгач делегациялардын башчыларын тосуп алуу жана сүрөткө түшүү аземдери болду. Андан кийин ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген жыйыны өтүп, документтерге кол коюлат.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына Беларусь премьер-министри Роман Головченко, Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстандын ремьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар жана Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Джалил Аббас Джилани катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Муфтият авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады. Бул тууралуу Муфтияттын сайттында жазылууда. Сынактын негизги максаты 2024-жылдагы ажылык сапарга Кыргызстандан барган мусулмандарды алып баруу, кайра алып келүү болуп саналат. Сынакка катышууну каалгандар 25-октябрдан 13-июлга чейин Бишкек шаары, Жибек жолу көчөсү, 264/3 дарегиндеги (Имам Сарахси борбордук мечитинин артында) муфтияттын кеңсесине же […]

Сизге жагышы мүмкүн