Россия-Кытай: Айга атомдук электр станциясын орнотуу пландалууда

Автор

Россия менен Кытай 2033-2035-жылдары Айдын бетине атомдук электр станциясын орното алат. Бул тууралуу Роскосмостун жетекчиси Юрий Борисовдун айткандарын “Коммерсант” басылмасы жазды.
“Бүгүн биз 2033-2035-жылдарда Кытайдагы кесиптештер менен бирге Айдын бетине энергетикалык түзүмдөрдү орнотуу боюнча долбоорду олуттуу карап жатабыз»,-деди ал Дүйнөлүк жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө.
Борисовдун айтымында, мындай миссияны роботтордун жардамы менен аткарууга болот. Бул үчүн керектүү технологиялык чечимдер азыртадан даярдалууда. 2023-жылдын 29-декабрында Россия өкмөтү Кытай менен Эл аралык илимий Ай станциясын түзүү боюнча кызматташуу каралган 2022-жылдын ноябрында түзүлгөн келишимди жактырган. Долбоордун негизги катышуучулары Роскосмос менен Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгы болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Оштун экс-мэри депутатыкка аттанышы мүмкүн

Экс-депутат Искендер Матраимовдон бошогон N:9-Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан депутатыкка ат салышчуулар көбөйдү. Алардын катарында Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин бар экени айтылууда. Ал 2021-жылда N:10-Куршаб шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып, 16.48 пайыз добуш алган. Жыйынтыгында, 3-орунду камсыздаган. 2022-жылы баласын үйлөп, коррупция беренеси менен соттолуп, кийин качып кеткен Сапар […]

Сизге жагышы мүмкүн