Оштун экс-мэри депутатыкка аттанышы мүмкүн

Автор

Экс-депутат Искендер Матраимовдон бошогон N:9-Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан депутатыкка ат салышчуулар көбөйдү. Алардын катарында Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин бар экени айтылууда. Ал 2021-жылда N:10-Куршаб шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып, 16.48 пайыз добуш алган. Жыйынтыгында, 3-орунду камсыздаган.
2022-жылы баласын үйлөп, коррупция беренеси менен соттолуп, кийин качып кеткен Сапар Исаковду баласынын өкүл атасы кылганы коомчулукта ар түрдүү пикирлерге жем таштаган. Айрым маалыматтарда, Айтмамат Кадырбаев Орусияда курулуш тармагы менен алектенээри айтылып келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Криштиану Роналдунун уулу Сауд Арабиясынын чемпиону болду

Криштиану Роналдунун уулу 13 жашка чейинки категорияда Сауд Арабиянын чемпиону болду. Португалия курама командасынын чабуулчусунун уулу да атасы сыяктуу “Аль-Наср” клубунда ойнойт. Кичүү Роналдо июнь айында 14 жашка чыгат. Ал 2023-жылдын октябрында “Аль-Насрга” жазылып, 7-номердеги форманы кийген. Ал эми 39 жаштагы Роналду “Аль-Насрда” 2023-жылдын башынан бери ойноп келет. Сауд Аравия […]

Сизге жагышы мүмкүн