Россия, АКШ жана ЕБ ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөр болгону айтылды

Автор

Россия, АКШ жана Евробиримдик 17-сентябрда Стамбулда жашыруун жолугушту. Бул тууралуу Politico гезити аныктады.
Гезиттин ырасташынча, жашыруун сүйлөшүүлөр негизинен Тоолуу Карабак боюнча болгон жана Азербайжан бул аймакта атайын операция баштаганга бир нече күн калганда, 17-сентябрда болгон. Консультациялардын жүрүшүндө жергиликтүү тургундарды күйүүчү май жана азык-түлүк менен камсыздоо үчүн Армениядан Тоолуу Карабакка гуманитардык колонналарды өткөрүү маселелерине негизги көңүл бурулду.
ММКлар АКШны Кавказдагы сүйлөшүүлөр боюнча улук кеңешчиси Луи Боно, Евробиримдиктен Тойво Клаара жана президент Владимир Путиндин Армения менен Азербайжандын алакасы боюнча атайын өкүлү Игорь Ховаев Россиядан келгенин жазышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчы Көлбаевди кармоо аракети жүрүп жатканы айтылууда

Кулатов көчөсүндө жайгашкан “Учкун” ААКнын имааратынын жанында атышуу орун алды. УКМК учурда Камчы Көлбаевди кармоо операциясын өткөзүп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, Камчы Көлбаевдин адамдары асманга ок чыгарышкан. Аталган жерде брондолгон техникалар жана УКМКнын өзгөчө даярдыктагы кызматкерлери бар. Азырынча УКМК расмий маалымат бериле элек. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн