Россияда кайрадан аскерге чакыруу кагаздары тапшырылууда

Автор

Воронеж, Липецк жана Пенза шаарларынын жашоочулары аскер комиссариаттарына чакыруулардын жаңы толкуну тууралуу билдиришүүдө. Бийлик муну ырастап, бирок муну Украинадагы согушка мобилизациянын экинчи этабына даярдыктын белгиси катары карабоо керектигин билдирди.
14-мартта Воронеж облусунун өкмөтү биринчилерден болуп аймактык деңгээлдеги аскер комиссариатына чакыруу баракчалары массалык түрдө таратылганын тастыктады.
15-мартта тизме дагы эки аймак, Липецк жана Пенза облустары менен толукталды.
Өткөн жылдын сентябрь айында Россиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Ага 300 миңдей адам кирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектеги мектептерде коңгуроо ордуна комуз күүсү жаңырат

Бишкек мэриясы шаардагы сегиз орто мектепте салттуу коңгуроонун үнүн күүлөргө алмаштырууну чечти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун максаты – окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо, мекенди сүйүүгө үндөө. Мэрия №3, 51, 93, 95, 96, 97, 99, 100 мектептер үчүн белгилүү комузчулар Нурак Абдрахмановдун, Асылбек Насридиновдун жана Закирбек Дүйшөналиевдин […]

Сизге жагышы мүмкүн