Франциялык химик келечек муунга эмне калтырган?

Автор

Франциялык химик Антуан Лоран Лавуазье революциялык кыймыл тарабынан камакка алынып, өлүм жазасы берилгенде 51 жашына келген эле. Сот ага башын кыя чабуу өкүмүн чыгарат. Эртеси башын алуу учурунда токтоолук менен китеп окуп жаткан болот. Бир аздан китептин барагынын четин бүктөп, математикчи досу Жозеф Луи Лагранжды жанына чакырат.

– “Башым себетке түшкөндө көздөрүмө баам сал. Эгер эки жолу карегимди ирмесем анда, инсан мээси башы алынгандан кийин да бир канча убакыт иштеп турганы далилденет”,- дейт.

Миздүү кылыч атактуу химиктин башын кыя чабат, баш себетке томолонот, эки жолу кареги ирмелет.

Математикчи Жозеф Луи Лагранж бул окуядан кийин “анын акыркы секунттагы илимий далили келечек муун үчүн өчпөс жарык болуп калды”,- деп жазды.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркия Израилдин премьер-министрин эл аралык сотко берди

Түркия Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга каршы доо арыз менен кайрылды. Анкара аны Газадагы геноцид үчүн айыптады. Түркиядагы бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын юристи Метин Күлүнктүн билдирүүсүнө таянган маалыматка караганда Нетаньяхуга каршы доо Түркиянын Юстиция министрлиги аркылуу берилген. Күлүнк менен бирге доо арызга дагы эки адвокат […]

Сизге жагышы мүмкүн