Ошто 165 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчалары таратылды

Автор

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты Рамазан айынын урматына «Али Аль Байт» мечитинде аз камсыз болгон 165 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчаларын таратты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

 

Кайрымдуулук иш-чарасына Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков катышып, ыйык айда жарандарды кайрымдуу болууга чакырды.

 

«Рамазан айында кылынган сооп иштердин эсеби жүз эселеп жазылат. Кереметтүү Куранда, «Шүгүр кылгыла, шүгүр кылсаңар көбөйтүп беребиз» деп айтылат. Андыктан колдон келишинче жакшы иштерди аткарууга аракет кылалы» — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

70 согуштук учак Тайванга жакындап жатат

Кытайдын куралдуу күчтөрүнүн согуштук учактары Тайвандын жээгине жакындады. Тайвандык аскерлердин маалыматы боюнча, авиациялык топ 70 унаадан турат. Арасында бомбалоочу учактары жана аскердик транспорттору бар. Буга чейин Кытайдын армиясы Тайванга жакын жерде машыгуу өткөрө турганын билдирген. Бул аракеттер аралдын көз карандысыздыгын колдогондор үчүн эскертүү катары кызмат кылары айтылууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн