“Реал Мадрид” клубу  Модрич менен келишимин узартты

Автор

Мадриддик “Реал ”  клубу хорватиялык жарым коргоочу Лука Модрич менен келишимди узартты. Бул тууралуу мадриддик клубдун басма сөз кызматы билдирди.

Булактын айтымында, жаңы келишим 2024-жылдын июнь айынын аягына чейин эсептелинет.

Модрич “Реалдын” курамында 11 жылдан бери ойноп келет. 2022/2023 сезонунда хорватиялык жарым коргоочу “Реалдын” курамында бардык мелдештерде 52 матчка чыгып, алты гол жана 6 пас киргизген. Футболчунун мадриддик клуб менен мурунку келишими ушул жылдын июнь айынын аягына чейин күчүндө болчу. Transfermarkt интернет-порталынын маалыматы боюнча футболчунун болжолдуу баасы 10 миллион еврону түзөт.

 Белгилей кетсек, Реал Мадриддин формасын кийген хорватиялык футболчу 23 кубок утуп алган. Модрич 2018-жылы ФИФА боюнча дүйнөнүн мыкты оюнчусу деп табылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Үч министр кызматынан кетиши мүмкүн

Күзгө чукулдап, аткаруу бийлигинде айрым өзгөрүүлөр орун алат. Буга байланыштуу Айыл чарба,  Экономика жана ТИМ министри кызматынан кетиши мүмкүн. Мындай маалыматты социалдык тармактар аркылуу коомдук активисттер таратышты. Айрым маалыматтарда болсо, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине дайындалаары айтылып жатат. Ал эми бир депутат мандатын таштап, аткаруу бийлигине барарын […]

Сизге жагышы мүмкүн